Мектептердеги карантинди узартуу чечими ушул жуманын аягында белгилүү болот

Мектептердеги карантинди узартуу чечими ушул жуманын аягында белгилүү болот.

Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство эпидемиологиялык абалга мониторинг уланып жатканын белгилейт.

Тиешелүү жыйынтыкты санэпидем департаменти чыгарышы керек.

Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандардын 68 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган.

Мындан улам 15-декабрдан тарта өлкөдөгү бардык мектептер жана 168 бала бакча 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн