Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды. Мындай маалымат федерациянын Фейсбуктагы баракчасына 15-сентябрда жарыяланды.

 

Маалыматка караганда, Тентишев федерациянын мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары катышкан 14-сентябрдагы федерациянын кезексиз жыйынында шайланган.

 

62 жаштагы Эркин Тентишев 2021-2022-жылдары Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2022-2024-жылдары Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.

 

Буга чейин федерацияны мурдагы ички иштер министри, жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев жетектеп келген. Ал бул кызматтан кеткени тууралуу сентябрдын башында белгилүү болгон.