Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Маалыматты аталган фонддон тастыкташты.
Кудрет Тайчабаров 2020-жылы ноябрда «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жетекчи болгон. 2023-жылы январда өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун 2023-жылдын июль айынан бери Абылкасым Шерниязов жетектеди.
Фонддун биринчи жетекчиси Елена Калашникова «коррупция» беренеси боюнча шек саналып, кийин үй камагына чыккан.
УКМКнын маалыматында фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөн, бирок каражат максатсыз пайдаланылган.