Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна Алпбек Садыров директор болуп дайындалды. Мындай чечимди “Электр станциялары” акционердик коомунун башкы дирекциясы кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Алпбек Садыров буга чейин CASA-1000 долбоорунун алкагында техникалык консультант, “Улуттук электр тармактары” ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген. Бишкек ЖЭБи — өлкөдөгү эң ири кубаттуулуктагы жылуулук электр станциясы.