Эртең Бишкекте Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт

Эртең Бишкекте Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы жаңыланган стадиондо болот. Жолугушуу кечки саат 10до старт алат.

 

Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет. Белгилеп кетсек, оюнда биринчи жолу VAR системасы колдонулат.