Бразилиялык футболчу Неймарды Сауд Арабияда кучак жайып тосуп алышты. Форварддын презентация аземинде жүздөгөн дрондор, фейерверктер учурулуп, миңдеген кубанычтуу фанаттар келди.
Маалыматка ылайык, Неймар “Аль-Хиляль” клубунда бир сезондо 150 миллион евро табат. Бул анын ПСЖдагы айлыгынан 6 эсе көп. Эске салсак, футболчу өткөн жумада франциялык Пари Сен Жермен клубунан сауд арабиялык лигага которулду.