УЕФА жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады

УЕФА жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады. Үчилтикке Лионель Месси, Эрлинг Холанд жана Кевин Де Брюйне кирли. Жеңүүчү 31-августта Чемпиондор лигасынын кийинки сезонуна карата чүчү кулак тартуу салтанатында жарыяланат.

 

Эске салсак, өткөн жылы бул жогорку наамга франциялык чабуулчу Карим Бензема ээ болгон. Бул жайда ал мадриддик “Реалдан” сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубуна өттү.