Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында токтотулат. Мунун себеби суу түтүктөрүндө жүргүзүлчү оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.