Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу эртең мененки саат 9дан түнкү 2ге чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде, Жаш Гвардия бульварында жана Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам Алик конуштарында жок болот.

 

Мунун себеби “Северный” дарбазасында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.