Экономика министрлиги административдик райондорунда өнөр-жай аймактарын түзүүнү сунуштады. Бул заманбап өндүрүш уюштурууга, ишканалардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга, инвесторлордун суроо-талабын аткарууга жана башка максаттарга багытталган идея. Токтом долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Документ кабыл алынса, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош мэрлерине, айыл өкмөттөргө өнөр-жай аймактарын түзүү үчүн жер бөлүп берүү тапшырмасы берилет.
Өз кезегинде Каржы министрлиги зарыл сумманы бөлүп бериши керек, калган мамлекеттик органар суу, электр энергиясы жана башка шарттарды түзүп берет.