Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын улуттук курамасы 65 медаль жеңди

8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 65 медаль — 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло жеңди.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала, көк бөрү, жер улак (көк пар), татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, ордо, алыш бел боо күрөшү, кураш, чүкө оюндары, эр эңиш, таяк тартыш, казак күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча 181 спортчу өлкө намысын коргоду.

 

Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн келген, 2 миң 500дөн ашык спортчу 21 спорттун түрүнөн катышты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.