Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны аталды

Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны аталды. Ал быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес.

 

Махмудов Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.

 

Спортчу беттештердин 55 пайызын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын далысын жерге басып).