Өлкөдө 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет

Өлкөдө 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Майрамдык иш-чаралар улуу композитор Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.

 

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, Карамолдо Орозов жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт, көргөзмө уюштурулуп, салттуу музыканын концерти өтөт.