Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талон жаңы кызматы ишке кирди

Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талон жаңы кызматы ишке кирди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билд иришкендей, мульти-талон функциясы Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү.

 

Жаңы функция Калкты тейлөө борборлорундагы кызматтарды алуу процессин кыйла жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

 

Эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн өз-өзүнчө талон алуу үчүн жазылуунун кереги жок. Бир эле мульти-талон менен он адамга чейин кызмат алса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.