2024-жылга өндүрүштүк жылнаама, иш убактысынын ченеми бекитилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк жылнаама жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Келаткан жылы майрам күндөр дем алыштарга туш келгенине байланыштуу кошумча төрт күн эс алуу күнү деп эсептелет. Алар: 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.

Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо айт жана Курман айтты эске алганда, 2024-жылы 14 майрам бар. Эгер алар ишембиге же жекшембиге туш келсе, башка жумуш күнү дем алыш деп жарыяланат.