Кара-Балтадагы “Дан” мамлекеттик ишканасынын аймагында тегирмен жана макарон чыгаруучу завод ишке берилет

Кара-Балтадагы “Дан” мамлекеттик ишканасынын аймагында тегирмен жана макарон чыгаруучу завод ишке берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдиришти.

 

Курулуш жөнүндө макулдашуу түркиялык компания менен жетишилди. Долбоорду ишке ашырууга ошондой эле башка инвесторлор дагы тартылат.

 

Күтүлгөндөй, жаңы тегирмен суткасына 150 тоннага чейин ун өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. объект келе жаткан жылдын июнь айына чейин колдонууга берилип калат.