Калкты тейлөө борборлорунун иш графиги узарат

Келе жаткан дүйшөмбү, 16-сентябрдан тарта калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы бир саатка узарат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, мындай демилге мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, күтүү убактысын кыскартуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

 

Ага ылайык, калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.