Камсыздандыруу полисине каражатты “Кыргыз почтасынан” төлөсө болот

Эми камсыздандыруу полистерине каражатты “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы тиешелүү меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында ОСАГО өңдүү камсыздандыруу полистерине каражат төлөй алышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.