Бишкектен Абу-Дабиге 100 долларга учуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

“Манас” эл аралык аэропорту дүйнөдөгү үнөмдүү аба жол компанияларынын бири менен келишимге кол койду.

Анын алкагында орундарды алдын ала брондоп Бишкектен Абу-Дабиге 100 долларга учууга болот.

Каттамдар 1-июндан тарта кое берилет.

Учактар Бишкек – Абу-Даби – Бишкек багыты боюнча жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учуп турат.

Муну менен Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө да шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.