Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет

Эртең, 7-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет. Мунун себеби кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштерине байланыштуу экенин Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жол күндүзгү саат 11ден кечки 6га чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын районундагы Оттук айылына чейин жабылат.

 

Айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алуу сунушталат.