Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу толук ачылды

Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Бүгүн эртең менен Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.

 

Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жолчулар жана атайын техника тартылып, трасса кум шагылдан тазаланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.