Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемеси билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы аталган ашууда трасса кардан тазаланып, кум-туз аралашмасы себилип жатат.
Аталган каттам менен жолго чыга турган айдоочуларга жол эрежелерин сактап, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат. Ошондой эле дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып алуу керек.