Каракол шаарындагы автобекет оңдоп-түзөлүүдө

Каракол шаарындагы автобекет оңдоп-түзөлүүдө. Унаа жана жолдор министрлигиен билдиришкендей, бүгүнкү күндө пландалган иштердин дээрлик 50 пайызы аткарылды. Тактап айтканда, имарат ирээтке келтирилип, аймактагы жол катмары жаңыланууда.

 

Каракол шаарындагы автобекет 1988-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.