Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

 

Белгилеп кетсек, жакында эле алтынчы оюндар Өзбекстанда өтө турганы айтылган. Чечим эмне себептен өзгөргөнү такталган жок. Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат. Алгачкы үчөө Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Быйыл 8-сентябрда Казакстанда башталган, иш-чара 13-сентябрда жыйынтыкталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.