ӨКМ: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

 

Жарандарга электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.