Бишкек – Алмата унаа жолундагы Кордай ашуусу жабык

Бишкек – Алмата унаа жолундагы Кордай ашуусу аба ырайынын оор шарттарына байланыштуу убактылуу жабык. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Кыргызстандын жарандарына сапарларын аба ырайын эске алуу менен пландаштыруу сунушталат, — деп айтылат маалыматта.