Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстанда бүгүн, 15-апрелде саат 11:57де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Каравшин айылынан түндүк-чыгышка карай 11 чакырым, Рават айылынан түштүк-чыгышка карай 27 чакырым, Лейлек түштүк-чыгышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Каравшин айылында – 3 балл, Рават, Берик-Суу айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.