Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды

Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаарчада 30 үй-бүлөгө үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар.

 

Соцшаарчанын алдына 3 гектар жер бөлүнгөн. Курулушка Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 100 миллион сом тапшырылган.

 

Андан тышкары, Жогорку Кенештин резервдик фондунан 1 миллион сомдон ашык берилген болчу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.