Ош шаарынын аймагы кеңейет.
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Алымбек Датка, Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак тилкелери эми Ош шаарына тиешелүү болот. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.