Корумду – Балбай-Баатыр унаа жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай-Баатыр тилкесин реконструкциялоонун алкагында бир катар курулуш иштери аткарылууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдогу топурактын үстүнкү катмарын тазалоо жана алып салуу, эски асфальт жолду фрезерлөө, эски асфальт-бетон төшөлмөсүн жумшартуу жана демонтаждоо боюнча жумуштар жүрүүдө.

 

Корумду – Балбай-Баатыр жолунун жалпы узундугу 79 чакырымдан ашат. Курулушту 2027-жылга чейин аяктоо пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.