Курулуш тармагындагы 500дөй компаниянын лицензиясы алынат

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алардын лицензиясы мыйзам бузгандыгына байланыштуу кайтарылат.

 

Өлкөдө 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта анын 2 миңи гана активдүү иштейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.