Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушуу 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон. Анын алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты.

 

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.