Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Баткен шаарында 11-17-август күндөрү кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калган тилкелерде чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

 

Жыйын достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди. Кийинки жолугушуу келерки жумада Тажикстандын аймагында болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.