Транспорт министринин орун басарлары алмашты

Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев Nранспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

 

Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын июнуна чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

 

Ал эми Бекжан Рысмендеев буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.