Кыргыз-өзбек автозаводунан чогултулган унаалар “Жеңилдетилген автокредит” долбоору аркылуу берилет

Кыргыз-өзбек автозаводунан чогултулган унаалар “Жеңилдетилген автокредит” долбоору аркылуу берилет.

 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

 

Ага ылайык, насыялар мамлекеттик эки банк тарабынан 8 пайыз жылдык үстөгү, 20 пайыз минималдуу баштапкы төлөмү менен берилет. Эске салсак, Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан кыргыз-өзбек заводу 18-июлда ишке кирди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.