Кыргызстан 14 мамлекетке бал экспорттойт

Кыргызстан 14 мамлекетке бал экспорттойт. Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын беш айында экспорттун көлөмү дээрлик 144,5 тоннаны түзүп, жалпы суммасы 68 миллион сомго жакын болду.

 

Эң көп бал Кувейтке — дээрлик 32 тонна, АКШга 28 тонна, Кытайга 26 тоннадан жана БАЭге 25 тоннадан ашык жөнөтүлгөн.

 

Кыргызстандын балы Япония, Малайзия, Катар жана Түштүк Кореяга да экспорттолот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.