Кыргызстан электр энергияны коңшу мамлекеттерден сатып алууну улантат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, күз-кыш мезгилине Түркмөнстандан 1 миллиард 700 миллион киловатт-саат жана Казакстан менен Россиядан дагы ушундай эле көлөм, ал эми Өзбекстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолот.
Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы керектөөнү толук жаппайт, — деди министр.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.