Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук жогорулатылды

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук жогорулатылды.  Буга чейин объект өндүргөн кубаттуулук 277 мегаватт болсо, кечээ кечинде 280 мегаваттка көбөйтүлдү. ЖЭБ кадимки тартипте иштеп жатат, — дешти жылуулук-энерго борбордон.

 

Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыздар жана даттануулар жарыяланууда.

 

Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп, ысык суу өчүрүлүп, үй ичиндеги температура 14 градусту көрсөткөн. “Бишкек жылуулук тармактары” мындай учурда абоненттерге чалуу борборуна кайрылып, арыз жазууну сунуштады.