Нарын облусунда “Куланак” жаңы гидроэлектростанциясынын курулушу кызуу жүрүүдө

Нарын облусунда “Куланак” жаңы гидроэлектростанциясынын курулушу кызуу жүрүүдө. Долбоорду кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылап жатат.

 

Алар жалпы сумманын 75 пайызы чыгарат. Долбоорду ишке ашыруунун толук баасы 120 миллион доллар болсо, эки каржылык уюм 44 миллион доллардан бөлүп берет.

 

Жаңы гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, Кыргызстандын энергетика тармагындагы жетишсиздикти 20 пайызга азайтат деп күтүлүүдө. ГЭС колдонууга 2026-жылы берилет.