Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 долбоорун сыноодон өткөрөт

Кыргызстан жана Тажикстандын энергетика министрлери Таалайбек Ибраев менен Далер Жума 9-августта Казакстанда жолугушуп, CASA-1000 долбоорун ишке киргизүүнү талкуулашты.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.

 

Жолугушууда Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун 456 чакырымынын 428и бүткөрүлгөнү айтылды. Толук иштер августтун аягында бүтөт. Эки өлкөнүн министрлери бүткөрүлгөн иштерди сыноодон өткөрүүнү пландашты. Анда Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине электр энергиясын берүү менен зым, көмөк чордондорду текшерет. Сыноодо кемчиликтер аныкталып, алар калыбына келтирилгенден кийин долбоор ишке киргизилет.

 

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донорлор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.

 

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоорун аткаруу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алмак.