Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард кубометрге түшүп калды. Бул тууралуу “Электр станцияларынан” билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы резервуарга бүгүнкү күндө 114 кубометр суу кирип жатса, чыгышы – 928 кубду түзүүдө.
Буга байланыштуу, энергокомпаниялар кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.