Жыл башынан берки сегиз айда Кыргызстан чет мамлекеттерге 545 миллион 170 миң долларга алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алтындын басымдуу бөлүгү — 7 тоннадан ашыгы Швейцарияга сатылган. Мындан тышкары, январь-август айларында Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтын, Бириккен Араб Эмираттарына 582 килограмм товар жеткирилген.