Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат

Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, форумга агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан эки өлкөнүн 150дөн ашык ишкери катышууда.

Форумдун программасында бизнес кызматташтыктын келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган.

Ошол эле учурда бизнес-форумдун алкагында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү өтүүдө.

Эт жана консерва азыктары, кургатылган жемиштер, ошондой эле улуттук суусундуктар жана кийизден жасалган сувенирлер тартууланат.