Кыргызстан жарандыгын алууну каалаган россиялыктардын саны өткөн жылы дээрлик 7 эсе көп болду

Кыргызстан жарандыгын алууну каалаган россиялыктардын саны өткөн жылы дээрлик 7 эсе көп болду.

 

Мындай маалыматты Экономист басылмасына Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Ага ылайык, 2021-жылы Кыргызстан жарандыгына кабыл алуу боюнча 554 россиялыктан арыз кабыл алынган. Ал эми өткөн жылы алардын саны 3 миң 731ди түздү. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан паспорту 386 россиялыкка берилсе, 2022-жылы 1 миң 85 россиялык биздин жарандыкты алган.