Кыргызстанда 1-апрелден тарта ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салынышы мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО полиси жол инспекторлоруна милдеттүү түрдө көрсөтүлө турган документтердин тизмесине киргизилет.
Ал эми физикалык жактарга полис жок болсо айып салуу талабын 2024-жылдын 1-январына чейин жылдыруу сунушталды.