Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар медициналык кызматтардын баасы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар медициналык кызматтардын баасы көтөрүлөт.

 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына ылайык, кеп үй-бүлөлүк медициналык борборлорундагы, жалпы дарыгердик практика борборлорундагы жана амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрдөгү кызматтар тууралуу болуп жатат. Фонддон белгилешкендей, акыркы жолу баалар 7 жыл мурда өзгөргөн болчу.

 

Кайра эсептөө инфляция, препараттардын наркынын кымбатташы жана башка көрсөткүчтөрдү эске алуу менен жүргүзүлдү.