Ош аэропорту чет элдик багыттар боюнча “Манас” аба майданынан алдыга чыкты

Ош аэропорту чет элдик багыттар боюнча “Манас” аба майданынан алдыга чыкты.

 

Бул тууралуу эки аэропорттун сезондук рейстеринин санын салыштыруу менен “Экономист” басылмасы жазды. Учурда түштүк калаа аба майданынан 22 чет элдик багыт боюнча учса болот, ал эми “Манаста” алардын саны — 19. Оштун алдыга оозуп кеткенинин себеби Россияга багыттардын көп болгонунда.

 

А бирок жеткиликтүү өлкөлөр боюнча “Манас” аэропорту биринчи орунда турат – Бишкектен 8 мамлекетке учса болот, ал эми Оштон 4 өлкөгө.