Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды

Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды.

 

Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды. Ага ылайык, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айыл-аймактардын аталышы алмашат. Тагыраагы, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын атын кайра атоо сунушталууда.

 

Белгиленгендей, документ жергиликтүү тургундар, жашоочулар, жергиликтүү кеңештер менен администрациялардын чечиминин негизинде иштелип чыккан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.