Кыргызстанда 2 жыл ичинде “Санарип көчмөн” макамы 2 миң 300 адамга берилди

Кыргызстанда 2 жыл ичинде “Санарип көчмөн” макамы 2 миң 300 адамга берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, статусту алууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Россиянын жарандары арыз бере алат.

 

“Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат.