Бишкек—Баку аба каттамы жанданышы мүмкүн

Баку менен Бишкектин ортосундагы түз аба каттамы ушул жылдын экинчи кварталында кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү маселе Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен жергиликтүү авиакомпаниянын өкүлдөрү жолукканда талкууланды.

 

Эске салсак, самолет 2023-жылдын июль айынын аягынан тарта Баку менен Бишкектин ортосунда уча баштаган. Кийин каттам белгисиз себептерден улам токтоп калган.